Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САТЫП АЛГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ ЖАШАП ТУРУУ УКУГУ БЕРИЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДА КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САТЫП АЛГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ ЖАШАП ТУРУУ УКУГУ БЕРИЛЕТ

 1,095 Бардыгы /

Өзбекстанда кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алган 109 өлкөнүн жарандары анда жашап туруу укугун алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгонун РИА Новости агенттиги жазды.

Документте белгиленгендей, мындай укук Ташкент шаары менен Ташкент облусунан 400 миң доллардан кем эмес суммага кыймылсыз мүлк сатып алгандарга берилет. Самарканд, Бухара, Наманган, Анжиян, Фергана жана Хорезм облустарында бул сумма 200 миң доллардан, Каракалпакстан жана башка облустарда 100 миң доллардан кем болбошу керек.

2017-жылы июлда өзбек өкмөтү Ташкентте жашап туруу укугуна ээ чет өлкөлүк жарандарга шаардан 150 миң доллардан кем эмес суммага кыймылсыз мүлк сатып алуу мүмкүндүгүн берген. Былтыр январда бул сумма 74 миң долларга чейин төмөндөтүлгөн.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17