Аймак

СЕЙСМОЛОГ: КАЗАКСТАНГА СЕЙСМИКАЛЫК КООПСУЗДУК ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КЕРЕК

СЕЙСМОЛОГ: КАЗАКСТАНГА СЕЙСМИКАЛЫК КООПСУЗДУК ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КЕРЕК

 1,578 Бардыгы /

Казакстанда сейсмикалык коопсуздук тууралуу өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институнун директорунун орун басары Нурсарсен Узбеков билдирди.

Анын айтымында, Казакстан аймагынын 40 пайызга жакын бөлүгү сейсмикалык жактан кооптуу болуп эсептелет.

«Буга чейин биз жер титирөө тобокелдиктери менен силкинүү күчүн баллдар менен эсептеп келгенбиз. Мындай иштер эки жылда бир аткарылып келет. Бул чет өлкөлүк инвесторлор үчүн шарттарды түзүп берүү жана инвестицияларды коргоо үчүн керек. 2015-жылы биз европалык стандарттарга ылайык тилкелерге бөлүнгөн картаны иштеп чыкканбыз. Бирок алар өтө майда болгондуктан, маалыматтарды алуу өтө кыйын. Ошондуктан азыр ар бир облус өз картасын иштеп чыгып жатышат. Бул үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү нормативдик документтер даярдалган. Биз аларды 2021-жылга чейин иштеп чыгышыбыз керек», — деди Нурсарсен Узбеков.

Казакстан Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту негизинен илимий-иликтөө иштери менен алектенет. Мекеме менен кызматташкан Сейсмологиялык методикалык экспедиция уюмунун жалпы өлкө боюнча 63 станциясы бар.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17