Аймак

САУДИЯЛЫК КАЧКЫН АЯЛ БУУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАИЛАНД АЭРОПОРТУНАН ЧЫГЫП КЕТТИ

САУДИЯЛЫК КАЧКЫН АЯЛ БУУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАИЛАНД АЭРОПОРТУНАН ЧЫГЫП КЕТТИ

 1,113 Бардыгы /

Бир суткадан бери Баңкоктогу мейманканада бекинип отурган 18 жаштагы саудиялык Рахаф Мухаммед Алкунун Кувейтке барбаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн кайтаруусунда аэропорттон чыгып кетти.

Рахаф Австралиядан башкалка суроодо.

Рахаф Мухаммед Алкунун 5-январдан тартып “Twitter” баракчасы аркылуу жардам сурап жаза баштады. Ал Кувейттен Баңкокко учуп келгенден киийн анын паспортун алып коюшканын айтып арызданган.

Аял Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигине жардам сурап кайрылган. Адвокаты Алкунунду өз мекенине кайтарбоо тууралуу өтүнүч Баңкоктун Кылмыш сотунан жиберилгенин билдирди.

Укук коргоочу Надтасири Бергман “кимдир-бирөө мыйзамсыз кармалса, биз сотко кайрылып, тиешелүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин кароого чакырабыз” деп, соттун жообун күтүп жатышканын кошумчалады.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Алкунундун ишине кылдат көз салып турганын жана “анын өзү менен жолугууга тай бийлигинен уруксат сурап жатканын” маалымдады.

Саудиялык аял “Twitter” баракчасына эгер аны күчтөп өз мекенине жиберишсе, анын өмүрү “чындап коркунучка” кептелерин, ал тургай аны “өлтүрүп коюшарын” жазды.

Алкунун “Хьюман Райтс Уотч” уюмунан билдиргендей, ал үйүндө такай зордук-зомбулукка кабылган, эркек туугандары “өлтүрүп коёбуз” деп коркутушкан. Чачын кыскарткандан кийин алар алты ай бою аны өз бөлмөсүнөн чыгарбай камап салышкан.

Сауд Арабиясында эркектер үй-бүлөдө аялдардын жүрүм-турумун толук көзөмөлдөшөт.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17