Аймак

АСТАНАДА «АЗАТТЫКТЫН» КАЗАК КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫСЫ МЕНЕН ОПЕРАТОРУ КАРМАЛДЫ

АСТАНАДА «АЗАТТЫКТЫН» КАЗАК КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫСЫ МЕНЕН ОПЕРАТОРУ КАРМАЛДЫ

 1,160 Бардыгы /

Астанада полиция «Азаттык» радиосунун казак кызматынын кабарчысы Оркен Жоямерген менен оператору Ержан Амирхановду кармап кетти.

Кабарчынын телефон аркылуу билдиргенине караганда, алар өкмөт имаратынын алдындагы нааразылык акциясын тартканы жатканда кармалып, Есиль райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал полиция акция өткөрүп жаткан адамдарды дагы кармаганын, мындан улам алардын өкмөт үйүнүн алдына кандай талаптар менен чыкканын билүүгө мүмкүн болбогонун кошумалады.

Ички иштер бөлүмүнөн кабарчы менен оператор жаңылыштык менен кармалганын айтып, бошотушкан. Бирок полиция фотокамерадагы тартылган сүрөттөрдү өчүрүүнү талап кылган.

Казакстанда полиция түрдүү нааразылык акцияларын чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларын буга чейин да бир нече жолу кармап кеткен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17