Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЖАҢЫ САЯСИЙ ПАРТИЯ ТҮЗҮЛДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА ЖАҢЫ САЯСИЙ ПАРТИЯ ТҮЗҮЛДҮ

 986 Бардыгы /

Ташкентте Өзбекстандын экологиялык кыймылынын кезектеги курултайы өттү. Анда кыймылдын мүчөлөрү Өзбекстандын экологиялык партиясын түзүү чечимин кабыл алышты.

Маалыматка караганда, кыймылдын облустардан жана Каракалпакстандан барган 250 мүчөсү катышкан курултайында партиянын уставы менен программасы бекитилди. Мындан тышкары Борбордук жыйын менен Көзөмөл-ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн тандалды.

Буга чейин өлкөдө төрт саясий партия ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген – Элдик-демократиялык партия, «Адолат» (Адилет) социал-демократиялык партия, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») жана Либералдык-демократиялык партия (Ишкерлер кыймылы).

Өзбекстандын экологиялык кыймылы 2008-жылы 2-августта түзүлүп, кийинчерээк активдүү коомдук уюмдардын бирине айланган. Андан соң өлкөнүн бардык облустары менен Каракалпакстанда өкүлчүлүктөрү ачылган.

Бул кыймылга Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынан 15 депутаттык орун берилип, жетекчиси Борий Алиханов аталган палатанын төрага орун басарлыгына дайындалган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17