Аймак

АСТАНА: ЭКИ МИҢДЕЙ КАЗАК УЛУТУНДАГЫ АДАМДЫН ШИНЖАҢДАН ЧЫГУУСУНА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

АСТАНА: ЭКИ МИҢДЕЙ КАЗАК УЛУТУНДАГЫ АДАМДЫН ШИНЖАҢДАН ЧЫГУУСУНА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

 1,126 Бардыгы /

Казакстан бийлиги Пекин эки миңден ашуун казак улутундагы адамга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөнүн Шинжаң аймагынан чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Пекин “окутуп-тарбиялоочу борбор” деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

Мындай жайга отуруп чыккандар аларды бийлик өз маданиятынан жана ишенимдеринин баш тартууга мажбурлап, идеологиялык сабактарды окутканын айтып беришкен.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсү Пекин эки миң казакка Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат бергендиги тууралуу декабрда маалымат каражаттарына чыгып кеткен маалыматтарды ырастады. Мекеменин билдирүүсүндөкытайлык казактар Казакстанга келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат алуу укугуна ээ боло тургандыктары жазылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17