Аймак

АКШ ДЕРИПАСКАНЫН КОМПАНИЯЛАРЫН САНКЦИЯЛЫК ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

АКШ ДЕРИПАСКАНЫН КОМПАНИЯЛАРЫН САНКЦИЯЛЫК ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 1,264 Бардыгы /

Вашингтон ишкер Олег Дерипаскага таандык En+, “Русал” жана “Евросибэнерго” компанияларын санкциялык тизмеден чыгарууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Стивен Мнучин Конгресс өкүлдөрү менен болчу жабык жолугушуусунун алдында билдирди.

Ал Дерипасканын өзүнө каршы киргизилген санкциялар алынбай турганын белгиледи.

Мнучин АКШ Каржы министрлиги орусиялык компаниялар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы катуу көзөмөлдөнө турганын билдирди. Анын айтымында, эгер бардык шарттар аткарылбаса, анда санкциялар кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

Дерипаска менен анын көзөмөлүндөгү АКШда жайгашкан компанияларга каршы санкциялар былтыр апрелде киргизилген. Анда ишкердин Кремлге жакын экендиги белгиленген. Кийинчерээк Вашингтон эгер Дерипасканын үлүштөрү 45% аз болсо, анда санкцияларды алуу маселесин карап көрүүгө даяр экенин билдирген.

9-январда АКШ Конгрессинин жети комитетинин өкүлдөрү санкцияларды алууну токтото туруп, орусиялык компаниялар менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайрадан карап чыгууга чакырышкан. Алар Дерипасканын үлүшү Кремлге байланышы бар башка адамдын жеке менчигине өтүп кетиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17