Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,761 Бардыгы / Атактуу обончу, эл арасында дагыле кеңири ырдалып жүргөн “Ак чардагым”, “Ыр кесе”, “Кусалык”, “Тагдырга”, “Жакшы убакыт” ырларынын музыкасын жазган Маматибраим БОСТОНКУЛОВ өткөн жылдын сентябрында инсульт дартына кабылып, ошондон бери төшөктө жатат. Чыгаан инсандын үйүнө атайын баш багып, саламатчылыгын сураштырганча, кепке дагы тарттык. –Маматибраим аке, деги ушул тапта акыбалыңыз кантти? -Кудайга шүгүр, укам! Күндүн батканын, таңдын […]
3,762 Бардыгы / Атактуу обончу, эл арасында дагыле кеңири ырдалып жүргөн “Ак чардагым”, “Ыр кесе”, “Кусалык”, “Тагдырга”, “Жакшы убакыт” ырларынын музыкасын жазган Маматибраим БОСТОНКУЛОВ өткөн жылдын сентябрында инсульт дартына кабылып, ошондон бери төшөктө жатат. Чыгаан инсандын үйүнө атайын баш багып, саламатчылыгын сураштырганча, кепке дагы тарттык. –Маматибраим аке, деги ушул тапта акыбалыңыз кантти? -Кудайга шүгүр, укам! Күндүн батканын, таңдын […]
МАМАТИБРАИМ БОСТОНКУЛОВ: “ӨМҮРДҮН БАРКЫН ООРУГАНДА БИЛЕТ ЭКЕНСИҢ!”
14.01.2019 / Автор aymak3,763 Бардыгы /
Атактуу обончу, эл арасында дагыле кеңири ырдалып жүргөн “Ак чардагым”, “Ыр кесе”, “Кусалык”, “Тагдырга”, “Жакшы убакыт” ырларынын музыкасын жазган Маматибраим БОСТОНКУЛОВ өткөн жылдын сентябрында инсульт дартына кабылып, ошондон бери төшөктө жатат. Чыгаан инсандын үйүнө атайын баш багып, саламатчылыгын сураштырганча, кепке дагы тарттык.
–Маматибраим аке, деги ушул тапта акыбалыңыз кантти?
-Кудайга шүгүр, укам! Күндүн батканын, таңдын атканын көргөнүмө топук кылып, дагыле моминтип жашап келатабыз.
– Аке, эмнеге эле минтип эркелеп дагыле төшөктө жатасыз? Же бул дагы кадыр-баркыңызды билдирүүнүн бир амалыбы?
– Алишер үкам, жашым мына алтымыш бешти чапчыды. Демек, пайгамбар жашында эли-журтум, замандаштарым менен тамашалаша турган мезгилби, ыя? Инсульт (шал) оорусуна кабылып, беш айдан бери моминтип төшөктөмүн. Мунун кесепетинен чыгармачылыгымды дагы убактылуу токтоттум.
–Жаныңыз мурда эле тынчу эмес! Эми канттиңиз?
-Башка түшкөндү көрөт экенбиз, үка. Доктурда жатканымда, капельницада экенмин. Бир маалда “Өмүр-тамчы! Кайда кетти үкам Камчы?” деп жөөлүп, палатада жаткандардын баарын тегиз чоочутуп, анан ойготупмун. Анткени, ооруканада экенимде мени Камчы аттуу доктур карачу экен. Ошондон бери мобул башымда “Өмүр-тамчы” аттуу драма жазылды. Саламатчылыгым кичине жакшырганда, аны кагазга түшүрүп, буюрса, театарларда дагы койдуртам го…
Ушул эле дейсиңби? Буга улай “Жогол, согуш!” деген темада Ош облустук бийлигинин алдында чоң жүрүш уюштурайын деп жатам. Бул саамалыгыбызды бара-бара Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы жайылтуу ниетибиз бар. Анткени, өмүрдүн баркын, анан тынчтыктын кадырын аны башынан кечирген адам гана билет турбайбы. Биздин бул жолку жүрүшүбүзгө Ош шаарын байырлашкан бардык улуттардын өкүлдөрүн сөзсүз катыштырабыз. Мындан тышкары “Жогол, согуш!” маршынын музыкасын дагы жазып, силердин алдыңарда эле нотага түшүрүп койдум.
–Маматибраим аке, канеткен күндө дагы, батыраак сакайып, катарыбызга тез кошулуңуз? Маегибиздин соңунда эли-журтуңузга эмнелерди тилемекчисиз?
–Биринчиден, ар бириңиздер саламатчылыгыңыздарды бекем жана такай караңыздар? Бул жарыкчылыкта ден соолуктан ашкан байлык жок экен! Кыргыздар бекеринен “Ден соолук – өмүрдүн башаты” дешпейт.Экинчиден, Бүтүн Дүйнөнү – Жер бетин тегиз тынччылык гана жылоолосун! Согушуп, кырылышып жүрүп эмне таптык? Неге жеттик? үчүнчүдөн,Жараткан ар бир инсанга бактылуу карылыкты жана таалайлуу жашоону гана буюрсун!
Белгилей кетсек, Маматибраим БОСТОНКУЛОВ 1954-жылдын 28-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Токбай-Талаа айылында төрөлгөн. Беш кыз, бир уулдун атасы. Кыргыз Республикасынын Театрлар Академиясынын Академиги. Сегиз китептин, эки жүздөн ашуун обондун, мунун ичинде он беш фортепианолук, он чакты хордук чыгармалардын ээси.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарч

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
27.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
26.05.2023 / Автор anarkan_kg УУРДАЛГАН ЖЫЛКЫЛАР ӨЗ ЭЭЛЕРИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.