Аймак

КАТАРДА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ БУЛ ӨЛКӨНҮН  БОРБОРДУК БАНКЫНЫН БАШКАРУУЧУСУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КАТАРДА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ БУЛ ӨЛКӨНҮН  БОРБОРДУК БАНКЫНЫН БАШКАРУУЧУСУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 795 Бардыгы /

ДОХА. Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нурлан Ниязалиев Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен атайын жолугушту.

Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндөэки тараптуу кызматташуунун абдан актуалдуу маселелери кең-кесири  талкууланды. Ошондой эле  2019-жылдын календарлык планына киргизилген эки тараптуу ишчаралар дагы тыкыр макулдашылды. Кыргыз Элчиси Нурлан Ниязалиев өз республикасында каржылоодо Ислам принциптерин жайылтуу боюнча жасалып жаткан алгылыктуу иштер туурасында маалымат берип, бул өңүттө Катардын тажрыйбасы менен кең-кесири таанышууга жана бөлүшүүгө кызыкдар экендигин дагы жашырган жок. Ал эми Шейх Абдуллабин Сауд АльТани Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелер улам күчөп бараткандыгын канааттануу менен баса белгиледи. Анан банктар аралык тармагында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн өтө актуалдуулугуна дагы кеңири токтолду. Мунун менен катар жакын арада Катар банктарынын өкүлдөрүнүн Бишкекке сапарын уюштурууну сунуштады.

            Жолугушуунун соңунда Кыргыз Элчиси Нурлан Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун Шейхке жиберген расмий чакыруусун өз колуна тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17