Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ ҮЙДҮН ТУРГУНДАРЫ МУРДАГЫ МЕЧИТТИН ИМАРАТЫНА КӨЧҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА

ӨЗБЕКСТАНДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ ҮЙДҮН ТУРГУНДАРЫ МУРДАГЫ МЕЧИТТИН ИМАРАТЫНА КӨЧҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА

 876 Бардыгы /

Өзбекстандын Хорезм облусунда авариялык абалдагы аскер комиссариатынын имаратында убактылуу жашап жаткан тургундар чыгарылып, каралбай калган мечитке көчүрүлө баштады.

Бирок тургундар көрүстөндүн жанында жайгашкан мечиттин имаратында жашоодон коркуп жаткандыктарын билдиришүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өткөн кылымдын 90-жылдарында мечит катары курулган эки имарат мамлекеттик программанын алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

– Эгер адамдар өз ишенимдеринен улам оңдолгон имараттарда жашоону каалашпаса, анда аларга башка турак-жай берүүгө даярбыз. 9-январда биздин кызматкерлер авариялык үйдө жашаган тургундар менен жолугуп, алар бул имаратта жашай албай тургандыктарын түшүндүрүп келишкен», — деди райондук акимчиликтин кызматкерлеринин бири.

www                          

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17