Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ЖОЖДОРДО 700ДӨН АШЫК ГРАНТТЫК ОРУНДАР БЕРИЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДА АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ЖОЖДОРДО 700ДӨН АШЫК ГРАНТТЫК ОРУНДАР БЕРИЛЕТ

 1,163 Бардыгы /

Быйыл Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн өлкөнүн Жогорку окуу жайларынан 700дөн ашуун мамлекеттик гранттар берилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев өзбек Куралдуу күчтөрүнүн 27 жылдыгы жана Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап жатып билдирди.

«Биз мындан ары дагы өлкөбүздүн коргонуу кубатын жогорулатууга, жогорку квалификациядагы аскер кадрларын даярдоого жана Ата Мекенди коргоочулар менен алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Алсак, 2019-жылы жеңилдетилген насыялардын негизинде аскер кызматкерлери үчүн 116 көп кабаттуу үй курулат. Аскерлердин 700дөн ашык баласынын Жогорку окуу жайларда билим алуусуна мамлекеттик гранттар бөлүнөт», — деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Мындан тышкары Мирзиёев аскердик шаарчалардагы шарттарды жакшыртып, заманбап инфраструктураларды түзүү боюнча масштабдуу иштер улантыла турганын кошумчалады.

Эл аралык терроризм коркунучтарынын күчөп жаткандыгы тууралуу айткан мамлекет башчы Өзбекстанда өлкөнүн аскердик-саясий маселелердеги так позициясын көрсөтүп турган Коргонуу доктринасы иштелип чыкканын белгиледи.

www                          

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17