Аймак

ПАШИНЯН АРМЕНИЯ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

ПАШИНЯН АРМЕНИЯ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

 641 Бардыгы /

Армения президенти Армен Саркисян Пашинянды өлкөнүн премьер-министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ өлкө президентинин сайтында жарыяланды.

Пашинян Армениянын өкмөт башчысы болуп былтыр майда жапырт каршылык акцияларынан кийин дайындалган. Демонстранттар Серж Саргсян жана анын партиясынын башкаруусуна, мындан тышкары Саргсяндын үчүнчү мөөнөткө премьер болуп, бийликти сактап калуу аракетине нааразы болушкан.

Былтыр октябрдын ортосунда Пашинян отставкага кеткен, ноябрда Армения президенти парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Пашинян өкмөттү башкарып турганда өлкөдөгү бардык губернаторлорду алмаштырып, антикоррупциялык кампания баштап, салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө жетишкен.

Былтыр 9-декабда Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Жеңишке 70,43% добуш менен Пашиняндын “Менин кадамым” блогу жеткен. Мурдагы президент Серж Саргсяндын башкаруучу Республикалык партиясы парламентке өтпөй калган.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17