Аймак

ТУРНИР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

ТУРНИР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

 1,372 Бардыгы /

МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлери Москва шаарынын  И. Ярыгын атындагы күрөш борборунда«Кыргызкүрөш” улуттук күрөш боюнча II турнирдин ачылышынакатышышты. Бул спорттук мелдеш залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды.

Аталган мелдешке жүздөн ашуун спортсменалардын ичинде Орусиядан, Тажикстандан жана Өзбекстандан чыккан күрөш чеберлери дагы катышышты. Турнирдин ардактуу коногу катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, бардык таймашкандарга ийгилик гана тиледи.

Иш-чарага Москва шаары жана Москва облусу боюнча мекендештердин коомдук уюмдары демөөрчүлүк кылышты. Эл аралык турнирди “Күрөш-Орусия” улуттук күрөш  федерациясы жана “Талас Биримдиги”  коомдук уюму уюштурушту.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17