Аймак

КАБУЛДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН ТӨРТ АДАМ МЕРТ БОЛДУ

КАБУЛДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН ТӨРТ АДАМ МЕРТ БОЛДУ

 1,081 Бардыгы /

14-январь кечинде Кабулдагы жардыруудан кеминде төрт киши мерт болуп, 90дон ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн расмий адамдары кабарлашты.

Ооганстан Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш автоунаага салынган жардыруучу зат чет элдик уюмдар жайгашкан Green Village деген райондо аракетке келтирилгенин билдирди.

Анын айтымында, жакынкы убактарга чейин аталган комплексте БУУнун кызматкерлери иштеп келишкен. Бирок учурда имарат дээрлик бошоп, бир нече күзөт кызматкери гана иштеп жаткан.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17