Аймак

КСДП: КЫТАЙЛАРГА КАРШЫ МИТИНГДЕР ҮЧҮН АТАМБАЕВДИ КҮНӨӨЛӨӨ АРАКЕТИ БОЛУУДА

КСДП: КЫТАЙЛАРГА КАРШЫ МИТИНГДЕР ҮЧҮН АТАМБАЕВДИ КҮНӨӨЛӨӨ АРАКЕТИ БОЛУУДА

 1,080 Бардыгы /

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) өлкөдөгү кытайларга каршы маанайдын курчушун партиянын ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракеттери болуп жатканын билдирди.

«Биздин саясий оппоненттер кезектеги мындай калп жана ыпылас
маалыматтык чагым таратуу менен өзүлөрү кетирген кемчиликтер
үчүн күнөөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана анын
тарапташтарына оодарууну көздөшүүдө. Кесипкөй атайын кызматтар
чагымчыл митингдердин реалдуу уюштуруучуларын оңой эле аныктай алышмак», — деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.

Анда антикытайлык митингдерге Атамбаевдин дагы, КСДПнын дагы эч кандай тиешеси жок экени белгиленген.

Декабрда активисттер Кытайдан келген мигранттарга каршы бир нече акция өткөрүп, аларды депортация кылууну талап кылышкан. «Кырк чоро» кыймылынын мүчөлөрү бийлик тараптан эч кандай реакция болбосо, бул иш менен алар өзүлөрү алектенүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Мындан тышкар социалдык түйүндөрдө Кытайдан келген мыйзамсыз миграция агымын токтотууга чакырган тексттик жана видео түрүндөгү билдирүүлөр жарыяланууда. ИИМ чагым салуу жана улут аралык кастыкты козутуу үчүн кылмыш жоокерчилиги каралганын эскерткен расмий билдирүү тараткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусу маалында Кытай менен алака-катышты бузгусу келген ички күчтөр кимдер экенин биле турганын айтып, бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарган эмес. «Сырткы күчтөр кимдер экенин билбейм, бирок ички күчтөр кимдер экенин билем. Алар ушуну менен бир нерсе кылабыз деп ойлошпосун! Баарын жоопко тартабыз. Мамлекетте мыйзам, бийлик иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок. Урматтуу агайын-туугандар, баарына чара көрөбүз, камтама болбогула, бул маселени ордуна коебуз», – деген мамлекет башчы.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17