Аймак

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДАГЫ СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДАГЫ СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

 1,129 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 15-январында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 5 команда катышмакчы; алар:

1) ректорат жана административдик бөлүмдөрдүн курама командасы;

2) университеттин курама командасы;

3) ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин курама командасы;

4) ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин курама командасы;

5) ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин курама командасы.

Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлмөкчү: волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартыш.

ЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, э.и.к., профессор А.К. Кантөрөева спартакиаданын ачылышында университеттин жамаатына жаңы спорттук ийгиликтерди каалап, бардыгын спорт аркылуу сергек жашоо ыңгайына үгүттөдү.

Белгилей  кетсек, аталган спартакиаданын мелдештери университет ачылгандан бери, т.а. 1993-жылдан бери, салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүшөт. 5 күн жүргөн спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17