Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЧКИ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ КӨП БОЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЧКИ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ КӨП БОЛДУ

 1,568 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында өткөн 2018-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу инвестициянын агылып келиши кыйла артты, анын ичинде ички инвестициянын көлөмү да көп болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы шаарга тартылган инвестициянын жалпы көлөмүнө караганда 2018-жылы 1 миллиард 368,9 миллион сомдук инвестиция көп тартылган.

-Алсак, 2017-жылы тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 3 миллиард 326,8 миллион сомду түзсө, өткөн жылы анын көлөмү 4 миллиард 695,7 миллион сомго барабар болду. Демек, өткөн жылдагы өсүү темпи 141,1 пайызга жеткен. Бул шаарыбыз үчүн жакшы көрсөткүч, – дейт ал.

Ал эми ички инвестициялар көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 107 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 104,4 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, 2017-жылы тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 433,1 миллион сомго барабар болсо, өткөн жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 2 миллиард 540,1 миллион сомго жеткен.

Эскерте кетсек, шаарда кичи жана орто бизнес чөйрөсүнө түзүлгөн шарттардан жана атуулдардын ишкердик активдүүлүгүнөн улам 2018-жылы 66 жаңы ишканалар ачылып, 742 жумуш орундары пайда болгон.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17