Аймак

ЖОГОРКУ СОТ ЖАРАНДЫК АКТИВИСТ РОЗА МАМАНОВАНЫН ИШИН БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯГА КАЙТАРДЫ

ЖОГОРКУ СОТ ЖАРАНДЫК АКТИВИСТ РОЗА МАМАНОВАНЫН ИШИН БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯГА КАЙТАРДЫ

 1,170 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарын байырлаган жарандык активист Роза Маманованын доо арызын карады. Акырында  бул ишти кайрадан кароо үчүн биринчи инстанцияга – Кызыл-Кыя шаардык сотуна жѳнѳттү.

Айтмакчы, 2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу түрдѳ кескен. Бирок, жарандык активист буга таптакыр макул болбостон, жогорку инстанцияга даттанган. Бирок, Баткен облустук соту дагы ошол эле чечимди эч кандай ѳзгѳртүүсүз күчүндѳ калтырган. Маалыматка караганда, Кыргыз Ѳкмѳтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн, КызылКы яшаарынын мурунку вицемэринин жана айыл ѳкмѳттѳрдүн мыйзамсыз жоруктарын ашкерелегендиги үчүн жарандык активистке карата«Шылуундук кылган» деге негизде кылмыш иши козголупсотко ѳткѳрүлгѳн. Ошондуктан, Роза Маманова Кызыл-Кыя шаардык жана Баткен облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарууну жана ѳзүн биротоло актоону сураныып, айласы таптакыр куруганда Жогорку Сотко арызданган.

Буга дейре Роза Маманова Ош шаарында дагы маалымат жыйынын ѳткѳрүп, эгерде Жогорку Сот дагы калыстык кылбаса, Президенттик администрациянын алдында ѳзүн-ѳзү ѳрттѳй тургандыгын жар салган. Анткени, жарандык актииивист буга дейре Кыргыз Ѳкмѳтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Абиз Халмурзаевдин жемкорлук иштерге аралашкандыгы туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында ачыктаган. Анда автор булл фактыларды дыкаат текшерүү тууралуу арыз менен Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынадагы кайрылгандыгын, тилекке каршы, ал тараптан эч кандай реакция болбондугун жана колдоо таппагандыгын канкакшаган.

Жарандык активист Роза Маманова Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов менен дагы тирүү кезинде  жолуккандыгын, анда маркум жемкорлук менен күрѳшүүгѳ катуу убадаберипбирок киши колдуу болуп каза тапкандыгын билдирген.

Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17