Аймак

ДАЧА-СУ АЙЫЛЫНДАГЫ УЧАК КЫРСЫГЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛҮҮДӨ

ДАЧА-СУ АЙЫЛЫНДАГЫ УЧАК КЫРСЫГЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛҮҮДӨ

 1,155 Бардыгы /

Эки жыл мурда «Манас» аэропортунан алыс эмес жайгашкан Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилүүдө. Ага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар жана маркумдардын жакындары катышып жатат.

2017-жылы 16-январдын таңында айылга жүк ташуучу Boeing-747-400 учагы кулап түшкөн. Кырсыктан Кыргызстандын 35 жараны жана Түркиянын жараны болгон төрт экипаж мүчөсү мерт болгон.

Расмий версия боюнча Стамбулга учуп бараткан учак «Манас» аэропортуна май куюу үчүн конмок.

Расмий маалыматтарга караганда, айылда 19 үй толугу менен талкаланып, 7си авариялык абалда деп табылган. Мындан тышкары дагы 12 үй жарым-жартылай бузулган.

Күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгында жакындарын жоготкон балдар менен жолуккан.

www.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17