Аймак

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖҮКТӨРДҮН БАРДЫК ТҮРҮН ТАШУУ ҮЧҮН ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ БЕРДИ

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖҮКТӨРДҮН БАРДЫК ТҮРҮН ТАШУУ ҮЧҮН ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ БЕРДИ

 954 Бардыгы /

Ташкентте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари» акционердик коомунун ортосунда протоколго кол коюлду.

Ага ылайык, Өзбекстандын аймагы аркылуу «Кыргыз темир жолунун» түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташыла турган жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30 пайыздык жеңилдик 2019-жыл үчүн дагы сакталып калат.

Мындан тышкары 2019-жылга карата өзбек темир жолунун транзиттик бөлүктөрү боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилди:

  • Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик кесилиш пункту боюнча 35% жеңилдик;
  • Каракалпакстан эл аралык мамлекеттик кесилиш пункту боюнча 40% жеңилдик;

Ошондой эле Өзбекстандын аймагы аркылуу 200 миң тонна күйүүчү май, 60 миң тонна жыгач-тактайларды жана 35 миң тонна буудай азыктарын ташууга буга чейинки 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17