Аймак

АКШ ЧАЛГЫНЫ: ЖАКЫНДА КЫТАЙ ЭҢ АЛДЫҢКЫ КУРАЛ-ЖАРАКТАРГА ЭЭ БОЛОТ

АКШ ЧАЛГЫНЫ: ЖАКЫНДА КЫТАЙ ЭҢ АЛДЫҢКЫ КУРАЛ-ЖАРАКТАРГА ЭЭ БОЛОТ

 930 Бардыгы /

Кытайдын куралдуу күчтөрү жакынкы убактарда эң заманбап курал-жаракарга ээ болот. Бул тууралуу АКШнын аскер чалгыны тарабынан шейшембиде жарыяланган атайын баяндамада жазылган.

Анда Пекин тышкы күчтөр Тайванды колдоп чыгышы мүмкүн деп чочулап, заманбап системаларды иштеп чыга баштаганы белгиленген. Маалыматка караганда, 2018-жылы Кытайдын коргонууга жумшаган чыгымдары 200 миллиард доллардан ашкан. Учурда АКШнын коргонуу бюджети 700 миллиард долларды түзөт. Бирок бул сумманын басымдуу бөлүгү илимий изилдөөлөр жана жаңы системаларды иштеп чыгууга багытталат. Пекин болсо изилдөөлөр үчүн каражатты үнөмдөп, чет өлкөлүк технологияларды көчүрүп алууга басым жасайт.

Баяндамада жазылгандай, учурда Кытай учактардан, ошондой эле суу үстүндө жана алдында жүрчү кемелерден учурула турган жана миң чакырым алыстыкка жете турган канаттуу ракеталарга ээ.

Америкалык эксперттер Тайванды күч менен Кытайга бириктирүү аракети болбойт деп эсептешүүдө. Алардын айтымдарында, Кытай жаңжалдан качууга аракет кылат, бирок армиянын күчтөнүшү кытай армиясына ишеним бериши мүмкүн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17