Аймак

ПРОКУРОР ДЕНИС ТЕНДИН ӨЛҮМҮНӨ АЙЫПТАЛГАНДАРДЫ 20 ЖЫЛГА КЕСҮҮНҮ СУРАНДЫ

ПРОКУРОР ДЕНИС ТЕНДИН ӨЛҮМҮНӨ АЙЫПТАЛГАНДАРДЫ 20 ЖЫЛГА КЕСҮҮНҮ СУРАНДЫ

 892 Бардыгы /

Алматынын райондор аралык сотунда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча тараптардын жарыш сөзү уланууда.

16-январдагы отурумда прокурор «Адам өлтүрүү» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча айып тагылган Арман Кудайбергенов менен Нуралы Киясовду 20 жылга, кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына кабар берген эмес деп айыпталып жаткан Жанар Толыбаеваны төрт жылга кесүүнү өтүндү. Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденген.

Айыпталуучулар буга чейин уурулук үчүн күнөөлөрүн мойундарына алып, адам өлтүрүү ниети болбогонун айтып, соттон беренелерди өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

Бул иш боюнча сот Алматы шаардык сотунда 3-январда башталган.

2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17