Аймак

ЖАНАРБЕК МАТИЕВ: “ОНЛАЙН РЕЖИМИ АЖЫЛЫКТЫ УЮШТУРУУДАГЫ  ЖЕМКОРЛУККА ЧЕКИТ КОЙДУ”

ЖАНАРБЕК МАТИЕВ: “ОНЛАЙН РЕЖИМИ АЖЫЛЫКТЫ УЮШТУРУУДАГЫ  ЖЕМКОРЛУККА ЧЕКИТ КОЙДУ”

 1,699 Бардыгы /

 Ажылыкты уюштуруу Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында деле буга дейре дайыма чоң чыр-чатак менен коштолуп, далай талаш-тартыштарды туудургандыгы жашыруун эмес. Бирок, соңку кезде бул өңүттө Он-Лайн режиминин киргизилиши зыяратчылыктагы мындай жемкорлукка биротоло чекит койду. Кабарчыбыздын ушул жана башка соболдоруна Ош шаардык Мусулмандар башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу адиси Жанарбек МАТИЕВ түштүк башкаалаасындагы Сулайман Тоо мечитинде жооп кайтарды.

         – Жанарбек мырза, быйыл ажылыкка Кыргызстанга канча квота бөлүндү? Мунун канчасы Ош шаарына тийди?

            – Кыргызстанга быйыл 5 миң  485орун бөлүндү. Ош шаарынын квотасы азырынча так аныктала элек. Буга дейре биздин калаабызга 350нүн тегегерегинде гана квота ажыратылып келген. Бул маселени Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстволор аралык комиссия гана бир жаңсыл чечет.

            – Ажылыкка аттангандарды кандай критерийлердин негизинде иргеп жатасыздар?

            – Негизги критерий: зыяратчылыккка ынтызар он сегиз жаштан жогорку курактагы Кыргыз жараны гана болушу шарт! Биринчиден, чет өлкөгө баруусу үчүн Жалпы Жарандык паспорту жана Биометрикалык  IDkartы дагы болушу кажет. Экинчиден, Ош шаарындагы РСК Банк аркылуу 500 доллар жана 700 сом которуп, анын квитанциясы колунда болгону оң. /чүнчүдөн, саламатчылыгынын тыңдыгын аныктаган Медициналык Корутунду дагы сөзсүз түрдө талап кылынат. Төртүнчүдөн, шарият талабына жараша аял кишинисөзсүз жанында коштоп жүрүүчү эркек шериги болуусу абзел!

– Былтыр ажылыкка кезекке туруп, бирок, кийинкиге калтырылгандарга өзү жеңилдик каралдыбы?

– Албетте! Булардын маселесин дагы Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстволор аралык комиссия гана бир жаңсыл чечет. Учурда бул көйгөй абдан катуу караштырылып жатат. Мен ойлойм, бул маселе деле акыры-чоң оң жагына чечилет ко.

– Ажал айтып келбейт эмеспи. Кокус зыярат кылып жүрүп каза тапкандарды кантесиздер?

– Сауд Аравиянын мыйзамына ылайык жана шариятка жараша деле ажылык вазийпасын арткарып жүрүп каза тапкандардын сөөгү ошол жерге эле урмат-сый менен коюлат. Анан бул туурасында, албетте, тууган-уруктарына кабарланып, алардын ыраазычылыгы, мындайча айтканда, макулдугу сөзсүз түрдө алынат. Өзү Мекке-Мединада мусулман сөөгүнүнүн жерге коюлушу  жакшы эмеспи.

– Ош жана Бишкек шаарларынан Меккеге зыяратчыларды эмне менен жөнөтөсүздөр?

– Ош жана Бишкек шаарларынан түптүз эле Сауд Аравиясынын Жиде жана Медина шааарларына учурабыз. Учактарды тандоо жана каттамдардын ирээти дагы Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстовлор аралык комиссия тарабынан чечилет. Муну үчүн мыйзамга ылайык атайын тендер жарыяланып, уткан авикомпания гана зыяратчыларды эки жакка ташыйт.

– Ошондо бул зыярат качан башталып, анан соңуна чыгат?

– Ажылыкка зыяратчылар июль айында башталып, бүтөт. Ажылыкка учкандар тээ августа гана Мекенине кайтарылат.

– Жанарбек мырза, Кыргызстанда ажылыкты уюштуруу мурда буга дейре чоң ызы-чуулар менен коштолуп келгендиги жашырын эмес. Быйыл мындай жосунсуз жоруктарга кантип бөгөт койдуңуздар?

– Баса, акыркы беш жыл аралыгында биздин системабыздагы жемкорлукка, башка дагы мыйзамсыз жоруктарга дээрлик чекит коюлду. Анткени, зыяратчыларды каттоо Он-Лайн режиминде гана жүргүзүлөт. Аны будамайлоо, же бурмалоо дегеле мүмкүн эмес!

 

Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17