Аймак

МИНИСТРЛИКТИН АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН АТАЙЫН ПОЛКТУН 5 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

МИНИСТРЛИКТИН АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН АТАЙЫН ПОЛКТУН 5 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 4,263 Бардыгы /

Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн “Шумкар” Атайын Багыттагы Полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 5 жылдыгы белгиленди.

Бүгүн иш-чаранын алкагында атайын полктун кызматкерлери келген конокторго жана өздүк курамга өздөрүнүн ыкчам аракеттери, аскердик күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүп беришти. Ошондой эле мыкты кызмат кылган кызматкерлерге ОИИБнын жетекчилиги жана жергиликтүү күч түзүмдөрү тарабынан сый баракчаларга ээ болушту.

Мындагы иш-чаранын жүрүшүндө атайын багыттагы полктун аткарган иштери коомдогу орду тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошов токтолуп, уюштурулуп жаткан волейбол мелдешинин байге фондуна салымын кошту.

Айтылгандай, бул иш-чара жыл сайын өткөзүлүп келүүдө. Ден-соолукту чыңдоо, жаштарды спортко болгон кызыгуусун арттырууну көздөгөн жана мекемелер арасында болгон мамилени бекемдөө максатында аталган полктун 5 жылдыгына арналып Жалал-Абаддагы “Шумкар” өзүнчө ротасы тарабынан волейбол оюндары өтүүдө. Анда Жалал-Абад аймагындагы күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын, элдик кошундардын командалары беттешип жатат.

Кыскача тарыхы:

КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январдагы №31 Токтому менен бекитилген. Биринчи Бишкек жана Ош шаарларында ачылып, кийин Баткен, Балыкчы жана Жалал-Абад  аймактарында өзүнчө роталары түзүлүп чыккан.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17