Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ НОРВЕГИЯДА ОСЛО ШААРЫНЫН МЭРИ МЕНЕН ДАГЫ ЖОЛУГУШТУ

 1,130 Бардыгы /

ОСЛО. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегиянын Осло шаарынын мэри М.Борген менен дагы кездешти.

            Сүйлөшүү маалында Бишкек жана Осло шаарларынын мындан аркы карым-катышын калыңдатууну, жолдорду жарыктандыруудагы жана көчөлөрдү көрктөндүрүүдөгү, ошондой эле электр энергиясын  үнөмдөдөгү Норвегия тажрыйбасын жайылтууну макулдашышты.

            Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бишкек жана Осло шаарларынын байланышын жолго салууну чын ыкластан кубаттады. А түгүл бул өңүттө бир катар долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу зарылчылыгын дагы баса белгиледи. Буга улай мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында дагы алака кылууну максатташты.

Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17