Аймак

АЛМАТЫДА ТИК УЧАК КУЛАДЫ

АЛМАТЫДА ТИК УЧАК КУЛАДЫ

 827 Бардыгы /

17-январда Алматыга жакын жерде жеке компанияга таандык тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкучу мерт болду.

Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. Sky Service авиакомпаниясына таандык Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак “Алатау” санаториясынын аймагына кулаган.

Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учуктын бортунда бир гана учкуч – аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал тез жардам унаасында көз жумган.

Маалыматтарга караганда, Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.

Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17