Аймак

“ӨЗБЕК ЖОЛБОРСТОРУ” AIBA ТУРНИРИНЕ КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

“ӨЗБЕК ЖОЛБОРСТОРУ” AIBA ТУРНИРИНЕ КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

 811 Бардыгы /

“Өзбек жолборстору” 2019- жылы өтө турган Гафур Рахимов жетектеген Бүткүл дүйнөлүк AIBA бокс мелдештерине катышуудан баш тартышты.

Казакстандык басылмалардын билдиришинче, команда жоюлду, каржылоо токтотулду.

Команда машыктыруучуларынын бири Зиёиддин Туйганбаевдин айтымында, мушкерлер 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына ийгиликтүү түрдө тандалуу жана катышуу үчүн ушундай чечим кабыл алышкан. 2019-жылы Өзбекстан курамасы катыша турган алгачкы турнир 13-17-февралда Болгариянын София шаарында өтөт.

“Өзбек жолборстору” Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына биринчи жолу 2016-жылы катышышкан. Анда мушкерлер коло медалды жеңип алышкан. 2017-жыл декабрда командадан Муроджон Ахмадалиев менен Шахрам Гиясов чыгып кеткен.

The World Series Boxing (WSB) – Бүткүл дүйнөлүк бокс сериялары 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк ышкыбоздор бокс ассоциациясы (AIBA) тарабынан негизделген. Бул AIBA камкордугу алдында өткөн эң ири жана кадыр барктуу мелдештердин бири.

2018-жылы ноябрда Гафур Рахимов AIBA президенти болуп шайланган. Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин тынчсыздануусун жана нааразычылыгын жараткан.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17