Аймак

ТАЖИКСТАН: ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА ЖАТКАН 70 ЖАШТАГЫ АЯЛ ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ

ТАЖИКСТАН: ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА ЖАТКАН 70 ЖАШТАГЫ АЯЛ ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ

 1,068 Бардыгы /

Тажикстандын түндүгүндөгү Айни районунун 70 жаштагы тургуну Истад Курбонова жергиликтүү тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет кылды. Ал жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Курбонова кайнак сууну башынан ылдый куюп жиберген. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда.

​70 жаштагы Истад Курбонова ушул айдын башында жер тилкесин басып алуу жана ал жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен камалган. Бирок ал аталган жер тилкесин совет мезгилинде эле мыйзамдуу түрдө алганын билдирүүдө.

Туугандарынын айтымында, адвокаттын өтүнүчүнөн кийин прокурор Курбонованы бошотууга макул болгон. «Бирок милиция кызматкерлери аны тергөө абагында калтырып коюшту. Кант диабети менен жабыркаган апам дайыма дарыланып турушу керек. Анын өз өмүрүнө кол салуу аракети — милиция кызматкерлерине каршы нааразылык билдирүүсү», — деди Курбонованын уулу Парвиз Бобоев.

Курбонованын иши боюнча сот отуруму бүгүн 18-январда башталышы керек болчу.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17