Аймак

 1,206 Бардыгы /

FACEBOOK ОРУСИЯНЫН SPUTNIK АГЕНТТИГИ МЕНЕН «БАЙЛАНЫШЫ БАР» ЖҮЗДӨГӨН БАРАКЧАНЫ ЖАПТЫ

Facebook компаниясы жалган маалыматтарды таратуу менен постсоветтик өлкөлөрдөгү колдонуучуларды адаштырууга багытталган Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү жүздөгөн баракчаларды, тайпаларды жана профилдерди жапты.

«Эки операция Орусияда уюштурулган, бирок экөөнүн байланышы аныкталган жок. Алардын бирөөсү Украинага каршы багытталган. Алар аккаунттардын кайда түзүлгөндүгүн жана максатын жашыруу үчүн түйүндөрдү уюштуруунун бирдей тактикасын колдонушкан», — деп жазылган компаниянын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниэль Глейхердин билдирүүсүндө.

Анын айтымында, 364 баракча жана аккаунттан турган бир түйүндүн Орусиянын мамлекеттик Sputnik агенттигинин кызматкерлери менен «байланышы болгон». Басылманын Армениядагы өкүлчүлүгү алардын Facebook түйүнүндөгү орус тилинде жаңылыктар жарыяланган бөлүмү жабылганын, мындан улам орусча жаңылыктары армян тилиндеги баракчага чыгып тураарын билдирди.

«Sputnik Армения» колдонуучуларына эгер Фейсбуктагы армян тилиндеги баракча дагы жабылса, жаңылыктарды Telegram, VKontakte, Twitter аркылуу окуп турушса болорун эскертти.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17