Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА БОРОШОДОН УЛАМ ЖОЛДОР ЖАБЫЛЫП, ЭЛЕКТР ЛИНИЯЛАРЫ ИШТЕН ЧЫКТЫ

ТҮРКМӨНСТАНДА БОРОШОДОН УЛАМ ЖОЛДОР ЖАБЫЛЫП, ЭЛЕКТР ЛИНИЯЛАРЫ ИШТЕН ЧЫКТЫ

 775 Бардыгы /

Түркмөнстандын Дашогуз жана Балкан облустарында нөшөрлөгөн жаан карга айланып, жолдор жабылды. Электр өткөрүү линиялары иштен чыкты. Анын алдында Каспий деңизинде катуу шамаал башталып, өлкө борборун карай бороон-чапкын келе жатканы тууралуу маалымат тараган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аба ырайынан катаал шартынан улам бир катар райондор электр жарыгысыз калды. Абанын температурасы 0 градустан төмөн болууда. Турак жайларды жылытууда көйгөй жаралды. Себеби көп жылдардан бери айылдарга кышкысын жаратылыш газы берилбей калган.

Редакциянын маалыматына караганда, тез-тез кар жаап жаткандыктан, акыркы 10 күндөн бери айылдарды бириктирген автожолдор жабылды. Мал жандыктары кырылууда.

www.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17