Аймак

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

 1,355 Бардыгы /

Президентибиз республиканын аймагын санарипке өткөрүүнү тездетүү менен коррупциянын алдын алууга боло турганын айтты. Бирок бул ишке айыл эли канчалык даяр?

Айыл жеринде коррупциянын алдын алып,  таркоочу тамырын кыркууга аракеттер жүрүп келет. Алардын бири тейлөөчү мекемелерди бирдиктүү терезеге өткөрүү менен бардык алыш -бериш иштерин, алака байланыштарды ачык жасоого өткөрүү Аксы районундагы айрым айыл өкмөттөрдө бул иш башталып калды. Авлетим айыл өкмөтү бирдиктүү терезеде иштөөгө өткөн. Бул жакшы натыйжа берүүдө дейт айыл өкмөттүн башчысы Нурмырза Абдыраманов. Аксы райондук жерге укуктарды каттоо башкармалыгында бул иш толук ишке ашпаган. Кызматкерлер жеке кабинеттерде иштеп келет. Бирок  быйылкы жылда толук бирдиктүү терезеге өтүп, видеобайкоого киргизебиз дейт мамкаттоонун жетекчиси Таалайбек Мырзамамытов. Мына ушундай эле көрүнүш Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында да орун алган. Чынын айтуу керек бул мекеменин имараты өткөн кылымдын кыркынчы жылдарындагы имарат болгондуктан бирдиктүү терезеге өткөрүү кыйынга туруп жаткандыгын Таалайбек Исанов Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы билдирди.  Коррупциянын алдын алуу менен бирге эле аймактарды санарипке, бирдиктүү терезелерге өткөрүү бул кечиктирилгиз иш экендигин ар бир өзүн жетекчимин деп эсептеген адамдын бирден бир милдети болууга тийиш десек жаңылышкандык болбойт. Бул материал даярдалып жатканда Аксы райондук мамкаттоо ишканасынын жетекчисинен ишкана толук видеокөзөмөлгө алынып бүттү деген кабар келди. Демек аракет кылса айласы табылат тура.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы  району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17