Аймак

САРАТОВДО КЫРСЫКТАГАН АВТОБУСТУН АЙДООЧУСУ 7 ЖЫЛГА КЕСИЛИШИ МҮМКҮН

САРАТОВДО КЫРСЫКТАГАН АВТОБУСТУН АЙДООЧУСУ 7 ЖЫЛГА КЕСИЛИШИ МҮМКҮН

 823 Бардыгы /

Казакстандан өзбек жарандарын салып баратып, Орусиянын Саратов облусунда кырсыкка кабылган автобустун айдоочусунун соту башталат.

Былтыр 17-ноябрда Саратов облусунда киши салган автобус жүк ташыган поезд менен кагылышып, беш өзбек жараны көз жумган. Айдоочу менен анын жардамчысы – казак жарандары оор абалда ооруканага жеткирилген.

Полиция автобустун 61 жаштагы айдоочусуна кылмыш ишин козгогон. Ал “жол эрежесин бузуп, эки же андан көп адамдын өлүмүнө себепкер болгон” деп айыпталууда. Эгер айдоочунун күнөөсү далилденсе, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Полициянын маалыматына караганда, Kaessbohrer автобусунун айдоочусу аба ырайы бузулуп турганда жолчырактын тыюу салган белгисин этибар албай, жакындап калган поездди байкабай аварияга учураган.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17