Аймак

САКТАНГЫЛА КАР КӨЧКҮ ЖҮРӨТ

САКТАНГЫЛА КАР КӨЧКҮ ЖҮРӨТ

 1,900 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа жолдоруна кадимкидей музтоңуп, андан ары катуу тайгак болооорун, ошондуктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону айдоочуларга байма-бай эскертип жатат.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман – Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) күтүүсүз кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын эскертет. Ушундай эле кооптуу абал Мырзаке – КараКулжа – АлайкууКаракол – Эңилчек автоунаа жолундаЧоң-Ашуу ашуусунда жагы күтүлүүдө.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор мындан ары тайгак болоорун тынбай билдирип, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого керектегин айдоочуларга улам-улам эскертүүдө.

Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17