Аймак

НЕМИС БАСЫЛМАЛАРЫ ӨЗБЕКСТАНДЫ СЫНДАГАН МАКАЛАЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАШТЫ

НЕМИС БАСЫЛМАЛАРЫ ӨЗБЕКСТАНДЫ СЫНДАГАН МАКАЛАЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАШТЫ

 848 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Германияга жасаган сапарынын алдында расмий Ташкент «өлкөнү мактоо» үчүн немис пиар-агенттиги менен келишим түзгөн.

Анын алкагында Берлиндеги GPRC German PR and Consulting Group GmbH агенттиги өз журналисттерин Өзбекстанга жөнөтүп, алар жогорку кызматтагы өзбек аткаминерлери менен жолугушкан.

Өзбек президентинин сапары маалында аталган журналисттердин макалалары немис басылмаларына жарыяланган. Немис талдоочусу Эккехард Маастын айтымында, аталган макалаларда «суктанууга караганда сын-пикирлер кыйла көп болгон». Ал «немис менталитетинде мактоо макалалары кабыл алынбай, тескери натыйжа бериши мүмкүн экенин» белгиледи. «Макалаларда сын-пикирлер көп болгону менен Германиянын жашоочулары Өзбекстан тууралуу объективдүү маалыматтарды алышты», — деди ал.

GPRC German PR and Consulting Group агенттигинин башчысы Константин Пановко алардын максаты «Өзбекстанды мактоо эмес, аны германиялыктарга кандай болсо ошондой тааныштыруу» болгонун белгиледи.

Алсак, пиар-агенттик тарабынан жалданган 34 жаштагы журналист Феликс Лиллдин Frankfurter Rundschau басылмасына жарыяланган макаласы «Ак алтындын кулдары» деп аталган. Ал Өзбекстандын эмгек министри Шерзод Кудбиев жана Адам укуктары боюнча Өзбек-герман форумунун башчысы Умида Ниязова менен болгон маектин негизинде жазылган.

Ислам Каримовдун тушунда эл аралык уюмдар менен батыш ЖМКлары Өзбекстандагы «мажбурлап иштетүү жана адам укуктарынын бузулушу» тууралуу жазып келишкен.

Жаңы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев немис басылмаларында «өзгөрүүлөргө жана ачыктыкка аракет кылган реформатор лидер» катары сүрөттөлүүдө. Süddeutsche Zeitung гезитинин редакциялык макаласында Мирзиёев «Борбор Азиядагы кайра куруунун лидери» деп аталган.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17