Аймак

ШЫМКЕНТ БАЗАРЛАРЫНДА «ДЕСТРУКТИВДИК БАГЫТТАГЫ АДАБИЯТТАР» ТАБЫЛДЫ

ШЫМКЕНТ БАЗАРЛАРЫНДА «ДЕСТРУКТИВДИК БАГЫТТАГЫ АДАБИЯТТАР» ТАБЫЛДЫ

 1,338 Бардыгы /

24-январда Шымкент полициясы шаардагы эки базарда рейд жүргүзүп, деструктивдик багыттагы диний китептерди тапты.

Шымкент шаардык полиция департаментинен кабарлашкандай, рейддер «коомдук жайларда деструктивдик багыттагы диний китептерди таратуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Рейд маалында көп сандаган диний адабияттар, анын ичинде салафиттик багыттагы китептер жана электрондук маалымат алып жүрүү каражаттары табылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, базарда «деструктивдүү багыттагы адабиятты» салафизм агымынын ыктымал жактоочулары таратып жүрүшкөн.

Казакстан бийлиги расмий түрдө ханафи масхабын колдойт. Айрым адистердин билдиришинче, салафизмдин кадимки багытынан тышкары радикал багыттары дагы бар. Акыркы жылдары өлкөдө салафизмдин радикал идеологиясын жактоо, экстремизм менен терроризмге үгүттөө айыптары менен ондогон адам соттолгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17