Аймак

ТРЕТЬЯКОВ ГАЛЕРЕЯСЫНАН КУИНЖИНИН ЧЫГАРМАСЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

ТРЕТЬЯКОВ ГАЛЕРЕЯСЫНАН КУИНЖИНИН ЧЫГАРМАСЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

 1,155 Бардыгы /

Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин “Ай-Петри. Крым” сүрөтүн уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 31 жаштагы шектүү Москва облусундагы Заречье айылында кармалды. Колго түшкөндөн кийин сүрөттү кайсыл жерге катып койгонун айтып, ал полиция кызматкерлери тарабынан табылды», — деп билдирди мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк.

Кечээ белгисиз киши өзүн музейдин кызматкери катары көрсөтүп, Куинжинин “Ай-Петри. Крым” сүрөтүн алкактан чыгарып алып кеткени кабарланган. Ал маалда музейдин күзөт кызматы штаттык режимде иштеп жаткан.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы орус сүрөтчүсү Куинжинин Третьяков галереясындагы көргөзмөсү 27-январда ачылган. Ага сүрөтчүнүн 180ден ашык эмгеги коюлган.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17