Аймак

ТАЖИКСТАНДЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ ТҮРМӨДӨГҮ ТОПОЛОҢ БОЮНЧА СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ

ТАЖИКСТАНДЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ ТҮРМӨДӨГҮ ТОПОЛОҢ БОЮНЧА СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ

 1,363 Бардыгы /

Тажикстандын юстиция министри Рустами Шомурод былтыр ноябрдын башында Хожент түрмөсүндө болгон тополоң боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

28-январдагы маалымат жыйынында ал бул иш боюнча тергөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүп жаткандыктан, эч кандай маалымат бере албай турганын айтты.

Былтыр 22-ноябрда Брюсселдеги басма сөз жыйынында Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин түрмөдөгү тополоңду басууда террорчулар менен өзгөчө кооптуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирген. «Өлтүрүлгөндөрдүн 12си «ИМ» тобунун курамында Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн соттолгондор, үчөөсү «Ансоруллах», «Жундуллах» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» экстремисттик топтордун мүчөлөрү, калган алтоо оор кылмыштар үчүн соттолгондор болгон», — деп билдирген ал.

Бирок башка булактар 8-ноябрга оогон түнү башталган Хожент түрмөсүндөгү тополоңду басууда кеминде 50 киши өлгөнүн билдиришкен.

Тополоңдон эки жума өткөндөн кийин президент Эмомали Рахмон Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын 12 жыл башкарган Иззатулло Шарифзоданы иштен алган. Анын ордуна ага чейин тажик атайын кызматынын төрага орун басары болуп иштеп келген Мансуржон Умаров дайындалган.

Хожент түрмөсүндөгү тополоңго байланыштуу абактын 7 кызматкери камакка алынган. Алардын арасында абактын башчысы Файзулло Сафарзода менен режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров болгон. Кийин түрмөдөгү ал тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17