Аймак

ТАЖИК ӨКМӨТҮ «САНТГУДА» ГЭСИНИН АКЦИЯЛАРЫН САТЫП АЛАТ

ТАЖИК ӨКМӨТҮ «САНТГУДА» ГЭСИНИН АКЦИЯЛАРЫН САТЫП АЛАТ

 1,108 Бардыгы /

Тажикстан өкмөтү калктан «Сангтуда-1» ГЭСинин акцияларын номиналдык нарк менен сатып алат.

1996-жылы «Сантгуда» ачык акционердик коомунун алгачкы акциялары чыгарылган, бир акциянын наркы 3 миң тажик рубли же 10 доллар турган. Баалуу кагаздар 500 миң долларга сатылганы кабарланган. Акча «Сангтуда-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган.

Тажик өкмөтү ГЭСтин акцияларын сатып алуу чечимин 2018-жылдын аягында кабыл алган. Бул үчүн 10 миллион сомони (1 миллиондон ашык доллар) бөлүнгөн.

Учурда бир акциянын баасы 10 доллар турат.

«Сангтуда-1» ГЭСи – СССР тарагандан кийин постсоветтик аймакта курулган жана пайдаланууга берилген алгачкы гидроэлектростанция.

ГЭС 2005-2009-жылдар аралыгында салынган. Орусия инвестиция иретинде 16 миллиард рубль бөлгөн. ГЭСтин алгачкы гидроагрегаты 2008-жылы электр энергиясын чыгара баштаган.

Орусия компанияларынын «Сангтуда ГЭС-1» АККнын уставдык капиталындагы үлүшү 75%, Тажикстандыкы 25% түзөт.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17