Аймак

ЖАМУда АЛГАЧКЫ ФОРУМ УЮШТУРУЛУУДА

ЖАМУда АЛГАЧКЫ ФОРУМ УЮШТУРУЛУУДА

 3,772 Бардыгы /

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1-февраль күнү саат 9:30да Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү –  коомдогу компетенттүү адиси” аталышындагы I  форум өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында форум биринчи жолу уюштурулуп жатат, келечекте салт катары уланып кетет деген изги тилектер бар. “Биздин окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсүнүн коомдо орду бар жана профессионалдуу адис катары калптанып, турмушта өз ордун тапса деп тилейбиз. Форумдун максаты бүтүрүүчүлөрдүн рейтингин жогорулатып, кийинки бүтүрүүчүлөргө үлгү катары көрсөтүү. ”- дейт алар.

Форумдун программасында ЖАМУ жөнүндө видео роликтер көргөзүлөт, жетекчилердин, бүтүрүүчүлөрдүн  куттуктоо  сөздөрү жана кадырлуу конокторго окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланат.

Эске салсак, буга чейин иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жолугушуу болгон. Университет көз карандысыз аккредидациядан өтүү алдында турат, андыктан кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда коомчулуктун пикирин угуп, ар кандай сунуштардын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болот дешет уюштуруучулар.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17