Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,705 Бардыгы / Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак айылында жаңы салынган мечит ачылды. Ачылышка Жаңгак айылынын тургундары жана мечиттин салынышына салым кошкондор, айыл өкмөттүн орун басары, ошондой эле Катар өлкөсүнөн келген коноктор катышып, каалоо тилектерин айтышты. “Бул мечиттин курулушуна айылдын тургуну Шербекова Асылкан өз үй-бүлөсү менен 10 сотых жерин элге берип,чоң демөөрчү болушкан. Кудай […]
2,706 Бардыгы / Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак айылында жаңы салынган мечит ачылды. Ачылышка Жаңгак айылынын тургундары жана мечиттин салынышына салым кошкондор, айыл өкмөттүн орун басары, ошондой эле Катар өлкөсүнөн келген коноктор катышып, каалоо тилектерин айтышты. “Бул мечиттин курулушуна айылдын тургуну Шербекова Асылкан өз үй-бүлөсү менен 10 сотых жерин элге берип,чоң демөөрчү болушкан. Кудай […]
АКСЫДА ЖАҢЫ МЕЧИТТИН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
29.01.2019 / Автор aymak2,707 Бардыгы /
Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак айылында жаңы салынган мечит ачылды.
Ачылышка Жаңгак айылынын тургундары жана мечиттин салынышына салым кошкондор, айыл өкмөттүн орун басары, ошондой эле Катар өлкөсүнөн келген коноктор катышып, каалоо тилектерин айтышты.
“Бул мечиттин курулушуна айылдын тургуну Шербекова Асылкан өз үй-бүлөсү менен 10 сотых жерин элге берип,чоң демөөрчү болушкан. Кудай таалам бул жакшылыгын эч унутпай, жолдорун ачсын, ойлогон ой максаттарына жеткирсин деп айылдаштары алкоодо. Ошондон улам эл чогулуп, болгон суммадагы каражаттарды топтоп, материалдык жактан да жардам көрсөтүп баштадык. Буга дагы бир чоң демөөрчү болгон “АССАНАБИЛ” коомдук уюму 260 000 суммадагы акча каражатын бөлүп берип,ушул заңгыраган мечитти куруп бүтүрүп алдык”- дейт Жаңгак айылынын тургуну Жоробек Сулайманкулов.
Ошондой эле четте иштеп жүргөн жаш уул-кыздар да акча каражаттарын салып жиберишкен. Айта кетсек Москвада иштеп жаткан мекендештерден 11 900сом. Ал эми Тюмень шаарында иштеп жаткан мекендештерден 27 290сом каражат түшкөн. Негизинен эле так айтканда салым кошкондордун 30 пайызын эл түзөт.
“Бул мечиттин курулушуна бирден-бир себепчи болгон Шербекова Асылкандын үй-бүлөсүнө рахмат. Андан сырткары “АССАНАБИЛ” кайрымдуулук коомдук уюмуна да элдин атынан жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычык билдиребиз”-дейт Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кыялбек Абдыкаров.
Бул аймакта 6 мектеп, 7 бала бакча жана 9 мечит бар болчу. Бул мечит менен кошкондо жалпысынан 10 мечит болду. Кош-Дөбө айыл аймагында жалпысынан 15800дөй эл жашайт.
Ачылыштын акырында Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн орун басары “ АССАНАБИЛ” коомдук уюмунун президенти Саид Баюмиге ардак баракча ыйгарды. Ачылышта эмгек кылган усталарга белек-бечкектер берилди.
Адиса Сүйгүнбаева
Кербен шаары.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
20.09.2023 / Автор anarkan_kg ТӨРӨБАЕВ УН ТЕМИР ЖОЛДОГУ ТЫГЫНДАН УЛАМ КЫМБАТТАП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.