Аймак

ПАРЛАМЕНТТЕ МУНАПЫС БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНУУДА

ПАРЛАМЕНТТЕ МУНАПЫС БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНУУДА

 1,257 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгы жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Каныбек Иманалиев саясий негиздер менен камалган саясатчыларга дагы мунапыс берилиши керектигин билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары 20га жакын саясатчы оппозициялык көз карашы үчүн камалган.

Анын бул сунушун Жанар Акаев дагы колдоду. «Бийлик алмашкандан кийин элде үмүт пайда болду. Айрым саясатчыларга азыр мөөнөт кошулганы турат. Келгиле бул маселенин үстүнөн ойлонуп көрөлү», — деди ал.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун автору, депутат Исхак Масалиев бул документтин саясий негизде камалгандарга тиешеси жок экенин билдирди. «Алар саясий негизде камалган деп эч ким баа бере элек. Бирок убакыт келди. Ойлонуп көрүү керек», — деди ал.

Саясий негизде камалгандарды коргоо комитети Кыргызстанда саясий көз карашы үчүн соттолгон 30га жакын адам бар экенин билдирүүдө.

Учурда түрдүү айыптоолор менен Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков өңдүү бир топ саясатчылар жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17