Аймак

КОШМО ШТАТТАР КАТУУ СУУКТУН КЕСЕПЕТИН ТАРТУУДА

КОШМО ШТАТТАР КАТУУ СУУКТУН КЕСЕПЕТИН ТАРТУУДА

 1,218 Бардыгы /

АКШда метеорологдор катуу суук тууралуу эскертишти. Өлкөнүн айрым аймактарында температура – 53 Цельсий градуска төмөндөшү мүмкүн. Алты адам өлгөнү кабарланууда.

Ызгаарга Түндүк уюлдан келген суук аба себеп болду.

Арктикалык аязга кабылган штаттарда 55 миллиондон ашуун киши жашайт. Алардын көпчүлүгүндө турак-жайлар мындай катаал аба ырайына ылайыкташкан эмес. Синоптиктердин айтымында, тышта 10 мүнөт жүрүү менен үшүккө алдырып коюу коркунучу бар.

Висконсин, Мичиган, Иллинойс, Алабам жана Миссисипи штаттарында өзгөчө кырдаал киргизилди. Ал жакта калың кар жаашы дагы мүмкүн.

Өлкө боюнча миңден ашуун ички авиакаттам убактылуу токтотулду. Айрым шаарларда үй-жайсыз кишилер үчүн жылынуу пункттары ачылды.

Метеорологдор аба-ырайынын кескин өзгөрүшүн Түндүк уюлдагы күтүүсүз жылуулук менен түшүндүрүшүүдө. Мароккодон келген жылуу фронттон улам, муздак аба түштүктү көздөй каптаган. Окумуштуулардын пикиринде, глобалдык жылуулуктун натыйжасында жер шарында кыш мындан да катаал боло башташы ыктымал.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17