Аймак

ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ ЭКИ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ АЙЫПТАЛУУДА

ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ ЭКИ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ АЙЫПТАЛУУДА

 1,282 Бардыгы /

Орусиянын Тергөө комитети парламенттин жогорку палатасынын өкүлү Рауф Арашуковго Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып такты. Аткаминер 30-январь күнү эртең менен кармалган. Ал эки киши өлтүрүү, кылмыштуу топ түзүү жана күбөгө кысым көрсөтүүгө айыпталууда.

Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалган. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан.

Ушул эле күнү Рауф Арашуковдун атасы Раул Арашуков кармалган. Ага кылмыштуу топ түзүү жана ири суммада каражат кымыруу айыбы тагылган. Тергөө комитети билдиргендей, Раул Арашуков “Газпром” компаниясынын жаратылыш газын уурдаганга тиешеси болушу мүмкүн. Жалпы чыгым 30 миллиард рубль деп эсептелген.

2018-жылы “черкестердин “Адыге-Хасе” кыймылынын лидерин өлтүрдү” деп айыпталган Аслан Жуков кылмыш кылууга Рауф Арашуков буйрук бергенин айткан. Окуя 2010-жылы болгон.

Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, Арашуковдун “жогору жактагы байланыштары күчтүү болгондуктан” бул иштерди иликтөө создуктурулуп келген. Кылмыш материалдары федералдык деңгээлге чыкканда гана сенаторго айып тагууга мүмкүн болгон.

“Бирдиктүү Орусия” Арашуков партия мүчөлүгүнөн чыгарылганын билдирди. Ал кармалгандан кийин жетиштүү деңгээлде орус тилин билбей турганын айтып, котормочу талап кылды.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17