Аймак

ТАШКЕНТТЕГИ ШОКОЛАД ФАБРИКАСЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ ӨЛКӨ ТАРЫХЫ БОЮНЧА СЫНАК ТАПШЫРЫШТЫ

ТАШКЕНТТЕГИ ШОКОЛАД ФАБРИКАСЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ ӨЛКӨ ТАРЫХЫ БОЮНЧА СЫНАК ТАПШЫРЫШТЫ

 1,060 Бардыгы /

Ташкенттеги Crafers деген кондитердик фабриканын кызматкерлери Өзбекстандын Конституциясы жана тарыхы боюнча сынак тапшырышты.

Ишкана кызматкерлеринин айтымында, сынактын жүрүшүндө ар бир жумушчуга 15 суроодон берилип, алардын көбү өлкөнүн Конституциясына, гимнине жана желегине байланыштуу болду.

«700 жумушчу сынак тапшырды. Андан өтпөй калган жумушчуларга иштен кетириле тургандыктары эскертилди. Кондитер болуп иштеш үчүн тарых факультетинде окуш керек болуп калды окшойт», — деди жумушчулардын бири.

Кондитердик фабриканын өкүлү жумушчулар сынак тапшырганын ырастап, бирок кеңири комментарий берүүдөн баш тартты.

Crafers шоколад фабрикасы былтыр октябрдын башында мурдагы лак жана боёк өндүргөн заводдун базасында ачылган. Октябрдын аягында заводго барган президент Шавкат Мирзиёев анда 850 адам иш менен камсыз болуп жатканын кубаттаган.

Расмий ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, 32 гектар аянтта жайгашкан фабрика жылына 50 000 тонна кондитердик азыктарды өндүрүүгө кудуреттүү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17