Аймак

КАЗАКСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨ КЫЗЫЛЧА ООРУСУ КҮЧ АЛУУДА

КАЗАКСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨ КЫЗЫЛЧА ООРУСУ КҮЧ АЛУУДА

 2,574 Бардыгы /

Түндүк Казакстан облусунунун Коомдук саламаттык сактоо департаментинин маалыматы боюнча жыл башынан бери 36 киши кызылча илдетинин белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын 12си чоңдор, 24ү – 14 жашка чейинки балдар.

Департамент белгилегендей, илдетке кабылган адамдардын 83% (30 киши) кызылчага каршы эмдөөдөн өткөн эмес.

Лабораториялык иликтөөлөрдүн негизине 22 бейтаптын кызылчага чалдыкканы тастыкталган.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы облуста бир киши гана кызылча менен ооруган.

Казакстанда көптөгөн ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартууда. Буга диний ынанымдар гана эмес вакциналардын сапатына күмөн саноолор дагы себеп болууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17