Аймак

9,5 ТОННА КОКАИН МЕНЕН КАРМАЛГАН ОРУСИЯЛЫК СУУЧУЛДАР КАМАККА АЛЫНДЫ

9,5 ТОННА КОКАИН МЕНЕН КАРМАЛГАН ОРУСИЯЛЫК СУУЧУЛДАР КАМАККА АЛЫНДЫ

 808 Бардыгы /

Кабо-Верде соту 9,5 тонна кокаин менен кармалган 11 орусиялык суучулду камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусиянын Кабо-Вердедеги элчилиги тергөө аяктаганга чейин кармалгандар Прая шаарындагы тергөө абакта камакта болорун билдирди. Азырынча маңзат аткезчилигине шектелип кармалган орус жарандарына расмий айып тагыла элек.

31-январда Коба-Верде бийлиги Орусиянын 11 суучулун кармаган. Алар Панаманын желеги менен Түштүк Америкадан Мароккого бараткан кемеде болушкан. Кемедеги экипаждын бир мүчөсү каза болуп, ал Коба-Верденин борбору Праядагы портко токтоого аргасыз болгон.

Жергиликтүү полиция кемени текшерген учурда 9,5 тонна кокаин табылган.

Маалыматтарга караганда, мурда түрк компаниясы таандык болгон кеме былтыр ноябрда Ecolive de Panama компаниясына берилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17