Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА АЗАН АЙТУУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА АЗАН АЙТУУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

 1,993 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Жалал-Абад облусундагы азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук түрү Жалал-Абад шаарындагы Имам Бухарий жума мечитинде болуп өттү.

Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулду.

Сынактын курамы төмөнкүдөй болду:

  1. Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары;
  2. Калыс: Атабаев Бакир кары;
  3. Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары;
  4. Калыс: Атаназаров Имамназар кары;
  5. Калыс: Жолдубаев Нурали кары;
  6. Калыс: Батыралиев Алибек ажы;
  7. Калыс: Жээнбеков Немат ажы.

Буга чейин конкурстун 1-этабы район-шаарларда өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылгандар облустук турга жолдомо алышкан. Облустук тандоо турда жалпысынан 21 азанчы катышты.

Жыйынтыгында:

Азизов Алишер Тахирович 1-орун- I-Даражадагы Диплом жана 8000 сом;

Туратов Медетбек Абдыбахапович 2-орун- II-Даражадагы Диплом жана 6000 сом;

Исаков Руслан Маматжанович 3-орун – III-Даражадагы Диплом жана 4000 сом менен сыйланышып, республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алышты.

Мындан сырткары ар бир конкурсанттар жана азанчылардын ичинен өзгөчөлөнгөндөр акчалай сыйлык менен сыйланышты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17