Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,340 Бардыгы / МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер […]
1,341 Бардыгы / МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер […]
МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАНА МИНИСТРИ МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
04.02.2019 / Автор aymak1,342 Бардыгы /
МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздинукуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жаткан чагы. Ушуга байланыштуу Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештери – Москва шаарындагы 130дан ашуун Кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана активдери: аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, дарыгерлер, студенттер жана жеке ишкерлер менен бетме-бет жолугушту.
Адегенде Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз мамлекетинин башчысы жана Кыргыз Өкмөтү тарабынан жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткаништер туурасында кең-кесири маалымат жасады. Ошондой эле өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүүсү үчүн чет өлкөлөрдөгү Кыргыз диаспораларынын ролу зор экендигин дагы баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин Кыргыз диаспорасы, эмгек мигранттары менен мындан ары туруктуу жүргүзө турганиш-аракеттерине дагы өзүнчө токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлери жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо багыты боюнча консулдук ишмердүүлүгү жана Элчиликтин укуктук ишмердүүлүгү, буга улай дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин мындан ары күчөтүү зарылчылыгы туурасында жетиштүү маалымат жасашты. Ушуга улай Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Кожобаев, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Коомбаев өз иштеринин негизги багыттары, 2018-жыличинде аткарылган жумуштар туурасында дагы кеңири отчет беришти.
Сөз арасында Кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын аксакалдары, жетекчилери жана активисттери Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчиси кызматына дайындалышы менен Аликбек Жекшенкуловду кызуу куттукташып, анын жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди гана тилешти. Ошондой эле жолугушуу маалында Элчи Аликбек Жекшенкулов эли-жерин коргоо үчүн курман болгондорду эскерүү менен Кыргыз жана Орус элдеринин жалпы тарыхый жана руханий мурастарын сактоо максатында Орусиянын Тверь облусунун Ржев аймагынын алдында Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде каза тапкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузууну демилгеледи. Бул сунушту диаспоралык уюмдардын активдери дагы бир добуштан кубатташты.
Андан ары жолугушуу «Суроо-Жооп» форматында улантылды. Жыйырма бештен ашуун катышуучу “Жүк-200”жеткирүү үчүн каражаттын төлөнүшү,мектеп жана бала бакча жашындагы балдардын Орусия жергесинде билим алуусу,авиа жана темир жол билеттеринин наркын төмөндөтүү, Орусия жергесине чыгып жаткан эмгек мигранттарынын тынч жашоосун камсыздандыруу туурасында дагы суроо-сунуштарын айтышты. Булардын бардыгына жеринде эле тийиштүү жоопторду алышты.
Жолугушуунун акырында Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештерди биргелешкен иштерге активдүү киришип, диаспоранындараметин топтоп, 2018-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Президентинин Жарлыгы менен уюшулган чет өлкөлөрдөгү мекендештерменен байланыш боюнча Кеңештин алдында коюлган максат-милдеттердибиргелешип жүзөгө ашырууга үндөдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
15.08.2023 / Автор anarkan_kg ТЕМИР ЖОЛДУН АЙЛАНАСЫ ЧАЧКЫНДЫ СООДАДАН ТАЗАЛАНДЫ
-
21.08.2023 / Автор anarkan_kg ЧОЛПОН-АТАДА КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨ КУБОГУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.