Аймак

ЭШИГИН КӨРҮП, ТӨРҮНӨ ӨТ же КУРОРТТУН ЖОЛУ

ЭШИГИН КӨРҮП, ТӨРҮНӨ ӨТ  же КУРОРТТУН ЖОЛУ

 2,803 Бардыгы /

Жалал-Абад  дегенде албетте курортту элестетпей койбойбуз. Ыйык саналган бул курорт канчалаган адамдардын дартына дабаа таап, өлкөнүн булуң -бурчундагы адамдарды да өзүнө тартып келет. Бирок ошол курортко алып барчу жолдун абалы тургундарды канааттандырабы? Аны оңдоп-түзөөгө кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жатабы? Бул тууралуу окурмандардын сунушунун негизинде коомчулуктан сурамжылоо жүргүздүк.

Айнура АЗИМОВА, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

«КЫШЫНДА КЕМЧИЛИКТЕРИ  ДАРОО КӨЗГӨ УРУНАТ»

-Жалал-Абад шаарында сырттан коноктор келсе, биз сыймыктанчу жалгыз гана курорт бар. Атайын келген конокторубузду да  курортту көргөзгөнгө алып барабыз. Бирок жолдон уялган учурларыбыз көп болот. Жолдордо негизинен ѳзгѳчѳ белгилер жок, жол чети таштандыга толуп кетет. Андан сырткары жашоочулар кээде малдарын да айдап чыгарышат. Жол боюна бодо малдарды коё берип коюшкандыктан булгап салышат. Жол деле 100%га жакшы деп айтпайм, союздун убагында салынган болушу керек. “Шор- Булакта” болсо чоң болуп жазылып турат, бирок тепкичтери түшүүгө ыңгайсыздык жаратат. Эми жаштар түшѳ беребиз, ал эми улгайган адамдарга кыйын болуп калат. Шаардан курортко чейин жарыктандырылган эмес, курорттун борбордук жеринде гана жарык болбосо, ага чейин жарык жок. Жайдын күнү барсаң айлана жапжашыл болуп жакшы көрүнөт, ал эми кышында кемчиликтери дароо көзгө урунат. Эгер жөө адам табиятты көрүп суктанып басканы  менен сүйүнчү жерлери жок.

Сейдалы ЖАНАЛИЕВ, шаардын тургуну:

«КОЛДО БАР АЛТЫНДЫН БАРКЫ ЖОК- ДЕП БЕКЕРИНЕН АЙТЫЛБАЙТ»

-Биздин Жалал-Абад курортубуз союздун маалында бүткүл союздун деңгээлиндеги курорт болгон. Колдо бар алтындын баркы жок- деп бекеринен айтылбайт, буга жергиликтүү бийлик тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Анын жолдорун оңдоп-түзөп, алыстан келген коноктор же туристтер келгенде да көңүл бургудай кылынса жакшы болмок. Андан сырткары шаардын борбору тарабынанбы же областтык оорукана тарабынанбы канаттык жол курула турган болсо, канча адамдар чыгып, көрүп кайра түшө тургандай болсо жакшы болмок. Азыр бир нерсе айтсак эле өнүккөн Европа өлкөлөрүндө деп баштайбыз. Ырас, ошол жакка ыктай турган болсок, өнүккөн Европа өлкөлөрүндөгү курорттук зоналар кандай жолдор менен камсыз болгон, өзгөчө жактарына басым жасап, биз дагы өзгөрүү жасашыбыз керек. Президентибиз аймактарды өнүктүрүү максатында мамлекеттин экономикасы жалаң эле Бишкекке байланып калбасын, өлкөнү көтөрөлү деп демилге көтөрүп жатат. Азыркы негизги максат өлкөнүн экономикасын көтөрүү керек. Тиешелүү адамдар курорттун жолун оңдоп жакшы иштерди жасаса, адамдар жумуш менен камсыз болуп, шаардын бюджетине да акча каражаты түшүп турар эле.

Бектилек РЫСКЕЛДИ уулу, студент:

КУРОРТКО АЛЫП БАРУУЧУ ЖОЛДУН АБАЛЫНА КӨЗДҮ ЖУМУП КОЁ АЛБАЙСЫҢ”

-Албетте менин оюмча курорт  Жалал- Абад шаарынын көзгө басар ыйык жерлеринин бири. Суусунун пайдалуулугу , абасынын тазалыгы боюнча  башка курорттордон эч кем калышпайт. Менин билишим боюнча курортко бир гана областыбыздан эле эмес башка областтардан да эс алуучулар келишет. Алардын айтымында  курорттогу ылай баткактын ден соолукка тийгизген таасири өтө зор. Тилекке каршы курортко алып баруучу жолдун жээгиндеги абал, “Шор –Булак” суусунун айланасындагы абалга көздү жумуп коё албайсың. Жолдо адам басуучу жер же тротуар болсо, жалпы эле эс алуучулар үчүн жакшы болмок деп ойлойм. Андан башка жарыктандырып койсо, ого бетер сонун болмок. Себеби спорт менен машыккандар чуркап жүрүп, кээде кечкисин да калып кетишет эмеспи. Ошондой эле курорттун өзүндөгү таштандыларды көргөн ар бир жарандын зээни кейисе керек деп ойлойм.  Мындай жагдайга айрыкча жаз айларында тушугасын. Шаардыктар жаратылышка эс алууга чыгышат. Ойноп, эс алып гана тим болбостон артынан болуп көрбөгөндөй  таштандыларды таштап кетип жатышат. Ушул эле жагдай курорттун өзүндө да көп кайталанат. Биз ушул жагыбыздан япондордон үлгү алсак болот. Анткен алар артынан тазалап жүрүшөт.

 

Рыспай ЖУМАБЕКОВ, ардагер:

“АТЫ БОЛГОНУ МЕНЕН ЗАТЫ БОЛБОЙ КАЛДЫ”

Эми буга чейин эле Жалал-Абад санаториясы боюнча көптөгөн пикирлер айтылып келгендиги чындык. Чынын айтыш керек керемет жер экендиги көпчүлүккө маалым.  Орто Азия жана Азиядан келип, оорусуна шыпаа таап, эс алып кеткендер абдан көп. Санаторияны айтып келе жатып эсиме түшүп калды. Союз мезгилинде санаториянын гүлдөгөн мезгили экен деген ой кетет. Эс алуучулар да жаз айларында 500дөн 700гө чейин жеткен күндөр болгон. Бир ал убакта бир жолдомонун баасы 38 сом эле. Муну айтканым себеби союзду эңсөө эмес. Азыркы заман өзгөргөн, жаштардын коомго көз карашы башкача, баары өзгөрдү десем туура эле болчудай. Азыр эми жолдорун оңдой турган, ары жак, бери жагын карай турган убак келип жетти. Менин жеке көз карашым боюнча жол маселеси эми көтөрүлүп жаткан жок. Аралыгы 3-4 чакырымдан ашпайт. Эми шаар ичиндеги жолдор деле оңдолуп келе жатпайбы. Курорттун жолун деле оңдоп, бир жагынан кеңейтип дегендей, жол четиндеги тротуардын аты болгону менен заты болбой калды. Көптөрү бузулуп кетти. Канткен менен аты санатория болгон соң кооз жана көрктүү болушу керек.

Сайдилла ЧИМБЕРДИЕВ, шаардык депутат:

«БУЛ ЖОЛ ШААРДЫН БАЛАНСЫНДА ЭМЕС»

-Курортко чыгып кетип жаткан жол шаардын балансындагы жол эмес. Бул ДЭП-22ге караштуу жол болгондуктан шаардык газ бөлүмүнөн курортко чейин 4 чакырымды түзөт. Бул жолду оңдоо-түзөөдөн өткөрүп, жол четиндеги тосмолорду, бак-дарактарды актап, тазалап койгон жакшы. Андан сырткары эл үчүн дагы ыңгайлаштырып, кооздоп койсок болот эле. Бирок буга бюджеттин тартыштыгына байланыштуу ушул нерсе болбой жатат. Барпы, Комсомолго кеткен жолдорду ДЭП- 22 оңдоп, асфальттап жатат. Шаардын балансына караган жолдорду бюджет эсебинен кылсак болот, бирок бул жол шаардын балансында эмес.

Мураталы ТАГАЕВ, Жалал-Абад шаарынын мэри: «МУНИЦИПАЛДЫК ЖОЛДОРДУН КАТАРЫНА КИРБЕЙТ»

-Жалал-Абад шаарынын бренди, мындайча айтканда  “Жалал-Абад шаары” дегенде шаар эле эмес курорт да айткан кишинин оюна келет. Анткени чынында мындай курорт башка жерде жок. Кышын-жазын дебей миңдеген кыргызстандыктар, жада калса алыскы жана жакынкы чет жерден келгендер бар. Анткени жер түбүнөн чыккан булактар да көп нерседен кабар берет. Бизде деги эле ой бар курорттун жолу боюнча, бирок ачуу чындыкты айтыш керек, биринчиден биздин бюджетибиздин дарамети жетпейт. Экинчиден эң негизгиси бул жол бүгүнкү күндө биздин муниципалдык жолдордун катарына кирбейт. Бул жолдор министрлигинин (минтранстын) катарында, ошондуктан бул жолдун кеңейиши, оңдоп-түзөөлүүсү минтранска байланыштуу. Бул жерден 214 га мисте токою бар, ошол Жалал-Абад шаарынын курамына кирет. Ошондуктан биз мисте токойду гана өрт коопсуздугунан, дарактарга оору тийбесинин алдын алуу боюнча гана иш алып барабыз. Бүгүнкү күндө ошол жерде жылда дарактардын жалбырактарын курт жеп кетчү, ага байланыштуу тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми жол тууралуу  ДЭП-22нин жетекчиси менен байланышканыбызда ал ооруканада экенин айтты. Бирок жолдо оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, ооруканадан чыккандан кийин бул тууралуу толук маалымат берерин айтты.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17