Аймак

ӨЗБЕКСТАН: ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИН ТҮЗҮҮГӨ КАРШЫ БОЛГОН АТКАМИНЕР АЛ МЕКЕМЕНИН БАШЧЫЛЫГЫНА ДАЙЫНДАЛДЫ

 1,402 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-январдагы жарлыгы менен өлкөнүн премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматовду транспорт министри кызматына дайындады.

Мамлекет башчы былтыр ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов башында турган өкмөттүк комиссияга 15-январга чейин Транспорт министрлигин түзүү боюнча сунуш даярдоо тапшырмасын берген.

Бул ишке түздөн-түз байланышы бар аткаминерлердин биринин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жыйындар өткөрүлүп, Транспорт министрлигинин түзүмү даярдалган. Бирок Ачилбай Раматов башында турган транспорт тармагындагы монополисттер бул иштердин аткарылышына катуу тоскоолдук кылышкан.

– «Өзбек темир жолу», «Өзбек аба жолдору», Автоунаа транспорту комитети жана «Узавтодор» ишканалары бюджеттик акчаларды уурдоо менен алек. Анан албетте алар бул ишканалардын жоюлуп, бир министрликке бириктирилишин каалашпайт. Бул идеянын ишке ашпай калышы үчүн Раматов өтө катуу аракет кылган. Колунан келбей калгандан кийин эми транспорт министри болгону турат», — деди ал.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17